Путин өзүнүн шайлоо штабына барды

Автор

Владимир Путин Россиянын президенттигине талапкер катары өзүнүн шайлоо штабына биринчи жолу келди.
Иш сапардын жүрүшүндө ал штабдын кызматкерлерине аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, волонтерлор менен жолугушту. Штабдын тең төрагасы, Олег Табаков атындагы театрдын көркөм жетекчиси, актёр Владимир Машковдун айтымында Путин шайлоо штабында абдан жакшы убакыт өткөрдү.
Машков шайлоодо Путинди колдоп кол койгондордун саны 3 миллионго жетиши мүмкүн экенин, учурда 2,5 миллиондон ашык кол топтолгонун кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

"Коен" каймана аттуу УКТ мүчөсү кармалды

Коркутуу жолу менен акча талап кылууга шектелип “Коен” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 18-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь айында милицияга Ош шаарынын тургуну чоң суммадагы акча каражатын опузалап талап кылгандарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Маалым болгондой, буга чала тааныш эки адам […]

Сизге жагышы мүмкүн