Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2025-жылдын аягына чейин бардык облус борборлорунда 5G түйүндөрүн жайылтууну тапшырды.
“5G тармагын толук масштабдуу жайылтуу инновацияны өнүктүрүү үчүн күчтүү стимул болот. 2027-жылга чейин бардык аймактык борборлорду жаңы муундагы уюлдук байланыш менен камтуу максаты коюлган. Технологиянын тез өнүгүп жаткан шартында ишти тездетип, 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүшү керек”,-деди Токаев Digital Bridge-2023 IT форумунун пленардык жыйынында.
Астанада Борбор Азиядагы ири технологиялык форум – Digital Bridge өтүп жатат. Быйыл ага 15 өлкөдөн 20 миңден ашык адам катышууда, спикерлердин саны 250дөн ашык, форумдун алкагында 300дөн ашык стартаптар көрсөтүлөт.