Путин чет элдик сөздөрдү колдонууга тыюу салды

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин расмий документтерде жана чиновниктердин сөзүндө чет элдик сөздөрдү колдонууга тыюу салды.

“Россия Федерациясынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык мамлекеттик орус тилин бийлик органдарынын өкүлдөрү жана кызмат адамдары колдонууга милдеттүү.  Мыйзам кызмат адамдарынын азыркы орус адабий тилинин нормаларын сакталышын көзөмөлдөйт.  Чет өлкөлүк сөздөрдүн орус тилинде аналогу жок болгон учурлар гана өзгөчө болушу мүмкүн.

“Орус тилин Россия Федерациясынын мамлекеттик тили катары колдонууда орус адабий тилинин ченемдерине туура келбеген сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонууга жол берилбейт”,-деп жазылган.

Документте орус тили  милдеттүү түрдө колдонулуучу иш чөйрөлөрү катары  билим берүү тармагы, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер көрсөтүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Сейсмолог Хугербитс ири жер титирөө болорун болжолдоду

Февраль айында Түркия менен Сирияда кыйраткыч жер титирөө болоорун айткан голландиялык сейсмолог Фрэнк Хоугербитс дүйнө ушул айда ири  жер титирөөгө күбө болорун билдирди.  Ал 2-5-мартта планеталардын жакындашы 3-7-мартта чоң сейсмикалык активдүүлүккө алып келиши мүмкүн экенин баса белгиледи. Хугербитстин айтымында, силкинүү 8,5 баллдан жогору болуп,  Түштүк Япония, Греция, Индонезия, Португалия, Пакистан […]

Сизге жагышы мүмкүн