Катаал аба ырайы миңдеген адамдарды жарыксыз калтырды

Автор

Казакстандын батышында жана борборунда аба ырайынан улам миңдеген адамдар электр жарыгысыз калды. Жолдор жабылып, куткаруучулар жана жол кызматтары өзгөчө кырдаал режиминде иштеп жатат.
Дем алыш күндөрү аймакта катуу шамал болуп, кар жаап, айрым жерлерде термометрлер минус 10ду көрсөттү.
Аба ырайынан улам Актөбөнүн алты районунда жана айрым аймактарында электр жарыгы өчүп, айрым жерлерде электр мамылар кулаган.
Кээ бир үйлөрдө жылуулук да, суу да электрге көз каранды болгондуктан жылуулуксуз калгандар бар.
Мектеп окуучулары үчүн окуу күнү кыскартылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Анкара - Бишкек арасы түз авиа каттамы ачылат

Эми Анкара – Бишкек арасы түз авиа каттамы ачылат . Мындай маалыматты “Манас” Эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы таратты. Учууларды Түркия тараптын “Анадолу Jet” авиа компаниясы ишке ашырат. Маалым болгондой, Бишкек-Анкара авиа каттамы жумасына төрт жолу учат. Учурда баасы айтылган жок. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн