Путин менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы: Достукту чыңдоо жана Кытайдын тынчтык планы

Автор

Россия менен Кытайдын ортосундагы мамилелер азыркы дүйнөлүк тартип үчүн өтө маанилүү.  Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Москвадагы мамлекеттик сапарынын экинчи күнүндө Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрүндө билдирди.
Соода жөнүндө
Путин өз кезегинде эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштары өсүп жатканын белгилеп, Украинадагы кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Пекиндин сунуштарын жогору баалады.
Путин белгилегендей, Кытай Россиянын алдыңкы тышкы соода өнөктөшү позициясын бекем кармап турат.  Быйылкы жылы Россия Федерациясы менен Кытай соодасынын көлөмү 200 миллиард доллардан  ашаары күтүлүүдө.
Россиянын президенти  Кытай экономикасынын энергетикалык ресурстарга болгон  суроо-талаптарын  канааттандырууга жөндөмдүү экенин кошумчалады.

Украинадагы жаңжал тууралуу
“Кытайдын Украина боюнча тынчтык планынын көп пункттары россиялык ыкмалар менен шайкеш келет жана алар Батышта жана Киев ага даяр болгондо тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн негиз катары алынышы мүмкүн”,-деген  Путин Кремль азырынча мындай даярдыкты байкай электигин кошумчалады.
Өз кезегинде Си Цзиньпин Пекин украин маселеси боюнча объективдүү жана калыс позицияны карманып, элдешүүгө жана сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүүгө жигердүү көмөктөшөөрүн,  тынчтыкты жана диалогду жактай турганын баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖТРнын эң жогорку баллын "Сапаттын" окуучусу багындырган

Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) тарыхында эң жогорку баллды 2019-жылы Жалал-Абад облусундагы “Сапат” лицейинин окуучусу Элдияр Чормонов алган. Ал 140 суроонун 139 суроосуна жооп берип, 238 баллды багындырган. Учурда анын кайда окуп жатканы боюнча издөө салып, North American University (NAU) студенти экенин билдик.  Университет дүйнөдөгү эң кадыр барктуу окуу жай болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн