Москвага кайрадан чабуул болду

Автор

Россиянын борборуна кайрадан учкучсуз учактар ​​чабуул коюшту. Бул боюнча Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги жана Москва шаарынын мэри расмий билдирүүлөрдү жасашты. Ал эми Россиянын баш калаасынын жашоочулары социалдык тармактарда өзгөчө кырдаал болгон жерлерден тартылган кадрларды бөлүшүүдө.

Москванын мэри Сергей Собянин өзүнүн Telegram каналында Россия Федерациясынын борборунда учкучсуз учактардын соккулары катталганын тастыктады. “Бүгүн, таңкы саат төрттөр чамасында  дрондун эки имаратка болгон соккусу катталды. Оор кыйроолор жана жабыркагандар жок. Бардык ыкчам кызматтар жеринде иштеп жатат”,-деп жазды Собянин.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК мурдагы экология министрин кармады

Мурдагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кармалганын  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Тергөөнүн жүрүшүндө, коррупциялык схемалар боюнча  бир катар фактылар аныкталды. Кутманова кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн