Путин Кытайдын коргоо министри менен жолукту

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде Мамлекеттик кеңештин мүчөсү, Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу менен жолугушту. Жыйынга Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу да катышты.
Путин белгилегендей, өлкөлөр ортосунда бардык тармактарда экономикада, социалдык, маданий, билим берүү тармагында мамилелер жакшы өнүгүп жатат.
«Биз аскердик ведомстволор аркылуу да жигердүү иштеп жатабыз, пайдалуу маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашып турабыз, аскердик-техникалык кызматташуу жаатында биргелешкен машыгууларды өткөрөбүз. Бул, албетте, биздин мамилелердин бир гана ишенимдүү, стратегиялык мүнөзүн – Россия Федерациясы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамилелерди бекемдей турган дагы бир маанилүү багыт деп ойлойм”,-деди ал.
Ли Шанфу акыркы мезгилде Россия менен Кытайдын ортосундагы аскердик тармакта кызматташуу абдан жакшы өнүгүп жатканын билдирди. Бул глобалдык жана аймактык коопсуздукка чоң салым кошорун баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 17-апрелге карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 57 тыйындан  болсо, сатуу  88  сом  28 тыйынга чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 52 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн