Германияда бир куштан улам оорукана салынбай жатат

Автор

Германиянын Тюбинген шаарынын мэри Борис Палмер эски оорукананы көчүрүп, анын ордуна 250 миллион евролук оорукана салууну пландап жаткан. Бирок, эски имараттын чатысында бир куштун байырлаганы байкалды. Мындан улам Тюбинген соту куш ал жерден биротоло көчүп кеткичекти жаңы орукананын курулушуна тыюу салды. Жергиликтүүлөр куштун 6 айдан бери түнөгүнө келбегенин айтып жатышат. Мэр болсо, “анын кайра учуп келүү ыктымалдыгын эске алып жатабыз. Балким, уясы же, кичинекей балапандары бардыр. Ким болсок да, кимдир бирөөнүн үйүн бузуп, зордоп көчүрүүгө акыбыз жок”, – дейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Нарын жана Өзгөн райондорунда сел жүрдү

Нарын жана Өзгөн райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 25-апрелде саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Корсетти айылында сел жүрүп, 1 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптаган, унаа жол ачык. Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо […]

Сизге жагышы мүмкүн