Путин кассеталык бомбаларга жооп болорун эскертти

Автор

Россияда ар кандай кассеталык бомбалардын жетиштүү запасы бар экенин, андай ок-дарыларды Украина колдонсо, орус армиясы жооп кайтарышы мүмкүн экенин президент Владимир Путин журналист  Павел Зарубин менен болгон маегинде билдирди.

Путин АКШнын украин армиясына кассеталык бомбаларды жеткирип жатканына комментарий берип жатып Ак сарайдын администрациясы мындай снаряддарды колдонууну кылмыш деп атаганын эске салды.

Путин ошондой эле Украинага кассеталык бомбаларды жеткирүү башталганын, Украинанын Куралдуу күчтөрү ок-дарылардын жетишсиздигине дуушар болуп жатканын кошумчалады.

7-июлда АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Украинага кассеталык бомбаларды жеткирүү башталганын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

17-18-июлда Жерде магниттик бороондор күтүлөт

Бул күндөрү магниттик бороондун деңгээли 5 баллдан 9 баллга жетет. Бул жогорку көрсөткүч болуп эсептелет. Магниттик бороондор – Жердин магнит талаасынын бузулушу. Бул бир нече сааттан бир нече күнгө чейин созулуп, бир эле учурда бүт планетада байкалат. Магниттик  бороондор Жердин космостук аба ырайынын бир бөлүгү болуп саналат. Жер үстүндөгү жабдууларды, […]

Сизге жагышы мүмкүн