17-18-июлда Жерде магниттик бороондор күтүлөт

Автор

Бул күндөрү магниттик бороондун деңгээли 5 баллдан 9 баллга жетет. Бул жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Магниттик бороондор – Жердин магнит талаасынын бузулушу. Бул бир нече сааттан бир нече күнгө чейин созулуп, бир эле учурда бүт планетада байкалат.

Магниттик  бороондор Жердин космостук аба ырайынын бир бөлүгү болуп саналат. Жер үстүндөгү жабдууларды, ошондой эле кээ бир адамдардын абалына таасир этиши мүмкүн.

Дарыгерлер активдүү магнит агымы учурунда ден соолукка көңүл бурууну, денени күндүн нурларынан сактоону жана өнөкөт оорулардын күчөшүнө жол бербөөгө кеңеш беришет. Аба ырайынын абалына көз каранды адамдар өзгөчө өздөрүнө этият болушу керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды

17-июлда 2023-2024-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди  кабыл алуу башталды. Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер документтерди «Абитуриент онлайн» электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тапшырат. Окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт. I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин; II тур – 24-июль саат 8:00дөн […]

Сизге жагышы мүмкүн