Путин жарандыктан ажыратуу боюнча мыйзамга кол койду

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин жарандыктан ажыратуу жагдайларына байланыштуу жаңыланган мыйзамга кол койду.
“Жарандык жөнүндө” мыйзам Укуктук маалымат порталында жарыяланды.
Россиянын жарандыгынан ажыратууга төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
терроризм;
мамлекетке каршы оор кылмыштар;
баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жүгүртүү;
документтерди бурмалоо;
жарандын ыктыярдуу каалоосу;
Россиянын аймактык бүтүндүгүнө каршы чакырыктары;
Россиянын Куралдуу Күчтөрүн дискредитациялоо;
каалабаган чет өлкөлүк же эл аралык бейөкмөт уюмга катышуу;
экстремизмге коомдук чакырыктар;
мамлекеттик ишмердин өмүрүнө кол салуу;
Россиянын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүү максатында куралдуу көтөрүлүштү уюштуруу;
улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттер;
диверсиялык иш жана диверсиялык коомчулукту уюштуруу.

Бөлүшүү:
Next Post

Министрлер кабинетинин кадр саясаты сынга кабылды 

Кечээ, Жогорку Кеңештин  “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобу кошмо жыйын өткөрүп, ага Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинети катышышты. Жыйында кадр саясатындагы кемчиликтер айтылып, 2 жыл ичинде 4-5 министр кызматтан кетип жатканы, Транспорт, Билим берүү министрлигиндеги, Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигиндеги тендерге катышкан фирмалардан дале 10 пайыз каражатты […]

Сизге жагышы мүмкүн