Россия менен Украина согуш туткундарын алмашты

Автор

Россиянын Коргоо министрлиги 10-апрелде сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында туткунда турган 106 орус аскери кайтарылганын билдирди. Украин тарап туткундан 100 жоокери кайтып келгенин жарыялады.
Бошотулган аскер кызматкерлери Россиянын Коргоо министрлигинин медициналык мекемелеринде дарылануу жана реабилитациялоо үчүн жеткирилери кабарланды.
Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак Киев орус туткунунан 100 жоокерин кайтарганын билдирди. Ермактын айтымында, алардын арасында Мариуполь жана Гостомелдеги салгылашуулардын катышуучулары, ошондой эле «Азовсталь» заводунда болгон аскер кызматкерлери бар. Кайтып келгендердин айрымдары оор жаракат алышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

 Элмирбек Иманалиевдин  обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум, булбулум ай” аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара 20-апрелде Улуттук тарых музейинде өтөт. Башталышы саат 15:00. Иш-чарада төкмө акындын обондору ырдалып, ырлары окулат, ошондой эле сүрөт […]

Сизге жагышы мүмкүн