Ошто уюшкан кылмыштуу топтун  мүчөлөрү кармалды

Автор

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, атайын кызматтар уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттерин улантууда.

«УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ушул жылдын 8-октябрында “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү, 1995-ж.т. М.у.Х., 1993-ж.т. Ю.У., 1978-ж.т. А.Ы.Б. 1993-ж.т. Р.А.С., 1986-ж.т. Ош облусунун Өзгөн районунун “кароочусу” болгон Т.И.М., 2000-жылы туулган “топтун” мүчөсү А.у.Б. жана 1997-жылы туулган “топтун” дагы бир мүчөсү, ошондой эле “Казак” деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дагы болуп саналган Ж.Д. кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

 Садыр Жапаров жаңы Ак үйгө биргеликте ат коюуга чакырды

Президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Жапаров элден имаратка биргеликте  ат коюуга чакырып, төмөндөгүлөрдү белгилеген. «Урматтуу кыргызстандыктар! Президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Ага ат коюшубуз керек болуп жатат. Ар кандай сунуштар түшүүдө. «Ак Ордо», «Кут Ордо», «Айкөл […]

Сизге жагышы мүмкүн