Дагы бир өлкө Израилдеги элчисин чакыртты

Автор

Иордания Израилдин Газа тилкесиндеги согушунун кеңейишине жооп иретинде Израилдеги элчисин чакыртып алууну чечти.
Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Аль-Сафадинин айтымында, элчилердин кайтып келиши Израил Газа тилкесиндеги согушту, ошондой эле палестиналыктарды тамак-аш, суу, дары-дармек жана коопсуз жай алуу укугунан ажыраткан бардык чараларын токтотсо гана болорун баса белгиледи.  Израилдин тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лиор Хаят Иорданиянын өкмөтүнүн королдуктун элчисин чакыртып алуу чечимине өкүнөрүн билдирди.
Буга чейин Боливия,  Колумбия жана  Чили Газа тилкесиндеги аракеттеринен улам Израил менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялаган. Бахрейн бийлиги Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерине байланыштуу Палестина элине колдоо көрсөтүү иретинде Израилдеги элчисин чакыртып алуу жана Израил мамлекети менен экономикалык алакаларды токтотуу чечимин кабыл алды. Алар  Газадагы аракеттерди ушундайча айыпташты.

Бөлүшүү:
Next Post

50 миң сом айлыкка автобус айда

Ош шаардык муниципалдык ишканасы айдоочулук күбөлүгүндө “D” категориясы бар айдоочуларды ишке алып жатат. Алар шаардык каттамдагы автобустарды айдашат жана айлык маянасы 50 миң сом. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн