Өзбекстанда «Борбор Азия — Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши» аталышындагы жыйын өтөт

Автор

Ташкент шаарында «Борбор Азия — Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши» аттуу жыйын өтөт. Иш-чарага Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Бахрейн, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Оман жана Сауд Аравиянын тышкы иштер министрлери катышат.
Мындай жыйын 2022-жылы Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында болгон. Анда Перс булуңундагы араб өлкөлөрү менен Борбор Азиянын кызматташтыгы талкууланган.
Бүгүн, 15-апрелде өткөн жыйында 2023-2027-жылдарга карата иштелип чыккан жол карта талкууланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектин вице-мэри бир айга камалды

Мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалган Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов тергөө абагына киргизилди. Биринчи май райондук сотунан агенттикке билдиришкендей, Сазыкулов 11-майга чейин камакта болот. Эске салсак, буга чейин УКМК борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаган деп айыпталып, кармалганын билдирген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн