Гапыр Мадаминов, элдик мугалим:  “Бизде Жорж Соростой меценаттар өсүп келатат”

Автор

“Жорж Сорос сыяктуу меценаттар бизде да бар. Бул кыргыздын уучу кур эмес экенин далилдейт. Бүгүнкү күнү депутат  Айбек Осмонов ошондойлордун сап башында келатат”,- деди элдик мугалим Гапыр Мадаминов. Ош шаарынын Алишер Новаи атындагы мектебинде Гапыр Мадаминов,  Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Ош шаар бийлигинин өкүлдөрү, шаарындагы мектептердин директорлору менен жолугушту. Анда Гапыр Мадаминов калемге алган жана Айбек Осмоновдун демөөрчүлүгү менен жарык көргөн 40.000 даана китепти мектептерге бекер таратып беришти. Гапыр Мадаминов директорлорго кызыктуу аңгеме куруп, тарбия берүүдө жана бала окутууда чет өлкөлөрдө колдонулган усулдарды айтып берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Токой өртү көзөмөлгө алынды

Казакстандын Абай районундагы токой өртү көзөмөлгө алынганын Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Толугу менен жок болгонго чейин очокторду, өрттүн четтерин топурак менен жабуу улантылат. Булак айылынын тургундары үйлөрүнө кайтып келишкенин Абай районунун акимиаты билдирди. Айылда абал турукташып, бийликтин толук көзөмөлүндө. Акимчиликтин маалыматы боюнча, Булактан 117 адам көчүрүлгөн. Анын 50сү […]

Сизге жагышы мүмкүн