Профсоюздун мүлкү Президенттин иш башкармалыгына убактылуу алынат

Автор

Президент Садыр Жапаров «Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Эмгекчилердин жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун санаториялык-курорттук чыңдоону уюштурууну өркүндөтүү, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоону башкаруунун натыйжалуу механизмин түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

 

  1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

 

– 2027-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө «Кыргызстандын профессионалдык союздарынын Федерациясы» профсоюздук уюмдар бирикмесинин Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун (мындан ары – Фонд) каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду берүүгө мораторий киргизилет;

 

– Фондго түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санаториялык-курорттук мекемелердин объекттеринин капиталдык курулушуна жана оңдоого, ошондой эле алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

 

  1. «Кыргызстандын профессионалдык союздарынын Федерациясы» профсоюздук уюмдар бирикмесине 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте алардын менчигинде турган санаториялык-курорттук мекемелердин бардык объекттерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына убактылуу акысыз пайдаланууга өткөрүп берүү сунушталсын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

 

– «Кыргызстандын профессионалдык союздарынын Федерациясы» профсоюздук уюмдар бирикмеси менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын убактылуу пайдалануусуна өтүүчү санаториялык-курорттук мекемелердин объекттеринин тизмесин аныктасын;

 

– 2023-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн объекттерди убактылуу пайдаланууга кабыл алсын жана иштеп жаткан санаториялык-курорттук жана туристтик объекттерди заманбап талаптагыдай түргө келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

 

1) белгиленген тартипте 2028-жылдын 1-январынан тартып Фонддун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органын аныктасын;

 

2) Фонддун каражаттарынын эсебинен жолдомолорду натыйжалуу жана адилеттүү бөлүштүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыксын;

 

3) үч айлык мөөнөттө эмгекчилердин жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо механизмдерин өркүндөтүүнү, анын ичинде санаториялык-курорттук мекемелердин объекттеринин инфраструктурасын жакшыртууну караган тиешелүү мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркияда кыргыз киносунун күндөрү өтүүдө

Түркиянын Анкара шаарында кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. Иш-чара Мамлекеттик искусство жана жана айкел музейинде Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында өтүүдө. Кыргыз киносунун күндөрүнүн ачылышында министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Кыргызстан жана Түркия эли дүйнөнүн эки башка чөлкөмүндө жайгашканына карабастан, […]

Сизге жагышы мүмкүн