Түркияда кыргыз киносунун күндөрү өтүүдө

Автор

Түркиянын Анкара шаарында кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чара Мамлекеттик искусство жана жана айкел музейинде Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында өтүүдө.

Кыргыз киносунун күндөрүнүн ачылышында министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Кыргызстан жана Түркия эли дүйнөнүн эки башка чөлкөмүндө жайгашканына карабастан, ар дайым ынак жана бири-бирине жакын боордош эл экенин айтып, орток тарых жана бай маданият аларды жакындата турганын белгиледи.

Ошондой эле ал өз сөзүндө эки өлкөдө маанилүү иш- чаралар белгиленип жатканын, тактап айтканда, жакында эле Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Кыргызстанда биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтүп, ага Түркиянын негизделишинин 100 жылдыгынын урматына фестивалдын алгачкы конок өлкөсү катары Түркия Республикасынын кино ишмерлери чакырылганын, Кыргызстанда “Түрк киносунун жумалыгы” уюштурулуп ага белгилүү түрк кино ишмерлери катышканын жана түрк тасмалары көрсөтүлгөнүн кошмчалады.

Өзгөчө Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасынын негизинде Түркияда тартылган тасмада башкы ролду аткарган түрк киносунун жылдызы, актриса Түркан Шорай айымдын фестивалдын сыйлуу коногу болуп, ага дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн Бишкек эл аралык кинофестивалынын атайын “Алтын жаабарс” сыйлыгы тапшырылганын маалымдады.

Кыргыз киносунун расмий ачылышында Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасы көрсөтүлүп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте 10 сойкукананын кожоюндары кармалды 

Бишкекте ондогон сойкукананын ээлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдишти. Маалыматка ылайык, УКМК Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча иштерди улантууда, анын алкагында кылмыштуу ишмердүүлүктү колдоого багытталган каржылоо булактарын жоюу жана акча агымын азайтуу максатында интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын бүтүндөй тармагы аныкталып, бөгөт коюлду. Белгилүү болгондой, жаш кыздарды […]

Сизге жагышы мүмкүн