Пригожин: “Биз мастер-класс көрсөттүк”

Автор

Евгений Пригожин Вагнер козголоңунан кийинки биринчи билдирүүсүн жасады.  Ал «режимди кулатуу» ниети болбогонун айтты.
“Вагнер Россиядагы эң тажрыйбалуу жана согушка даяр бөлүк болуп саналат, ал Украинада жакшы натыйжаларга жетишкен.  Интригалардын жана ойлонулбаган чечимдердин натыйжасында 1-июлдан тартып ишин токтотууга тийиш эле.  Көпчүлүк жоокерлер эт үчүн барарын түшүнүп, Коргоо министрлиги менен келишим түзүүдөн баш тартышкан.  Министрлигине өтүүнү каалагандар өтүштү, бирок бул 1-2 пайыз.  Биз 30-июнда чыгып  жабдыктарды тапшырганы жатканбыз. Эч кандай агрессияны көрсөткөн жокпуз, бирок бизге ракеталык чабуул жасалды.  30дай жоокер набыт болду.  Биз дароо алдыга жылууну чечтик.  Агрессияны көрсөтпөйбүз, урса, жооп беребиз дедим. Жүрүштө биз 780 километр жолду басып өттүк.   Жолдо турган бардык аскерий объектилерди тосуп, зыянсыздандырдык.  Бир дагы жоокер жерде каза болгон жок.  Бизге кошулган Коргоо министрлигинин бир нече жарадарлары жана эки каза болгон жоокерлери бар.  Акциянын максаты «Вагнердин»  талкаланышына жол бербөө жана атайын операциянын   жүрүшүндө ушунча ката кетирген адамдарды жоопкерчиликке тартуу болгон.
Бизди көргөн жоокерлердин баары колдоп турушту.  Биринчи отряд артиллериясын жайгаштырып, чалгындоо иштерин жүргүзгөндө токтодук. Көп кан төгүлө турганы билинип калды.  Бул учурда Лукашенко колун сунуп,  мындан аркы иши үчүн чечимдерди издөөнү сунуштады.  Колонналар артка бурулуп, лагерлерге кетишти.
Биздин жүрүш өлкө боюнча олуттуу коопсуздук көйгөйлөрүн ачып берди. Биз бардык аэродромдорду жана аскер бөлүктөрүн тосуп алдык.  24 сааттын ичинде биз орус аскерлеринин 2022-жылдын 24-февралында учкан жеринен Киевге жана ошол эле пункттан Ужгородго чейинки аралыкка туура келген аралыкты басып өттүк.  Эгерде атайын операциялардын  башында тапшырмаларды Вагнердин   жоокерлери аткарган болсо, балким, “атайын операция” бир күнгө созулмак. Биз жүрүшүбүздү адилетсиздиктен улам баштадык.  Карапайым калк бизди көрүп кубанышты.  Биз 2022-жылдын 24-февралында кандай болушу мүмкүн экенин көрсөткөн мастер-класс көрсөттүк.  Бизде азыркы режимди жана мыйзамдуу шайланган бийликти кулаталы деген максат болгон эмес», – деди Пригожин.
Вагнердин  жетекчиси Евгений Пригожин Эмбраер Легаси 600 бизнес-учагы менен Россиянын Ростов-на-Дону шаарынан Беларуска учуп кеткени кабарланды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 20-июнда 33 жаштагы келин үч эм төрөдү, алар бир уул жана эки кыз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, биринчи наристе 1 кг 400 гр, ал эми кыздар 1 кг 740 гр жана 1 кг 690 гр салмакта төрөлгөн. Бул келиндин экинчи кош бойлуулугу. […]

Сизге жагышы мүмкүн