Индия ШКУнун саммитин онлайн режиминде өткөрүүнү чечти

Автор

4-июлда Индиянын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) биринчи саммити виртуалдык форматта болорун өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Саммитке катышуудан өлкө лидерлеринин баш тартуусунун себептеринин бири график түзүүдөгү кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Индия өкмөтү ШКУга мүчө бир катар өлкөлөрдүн башчыларынан, анын ичинде Кытай менен Пакистандын лидерлеринен акыркы ырастоо ала элек. Ошондой эле, басылманын маектештери Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин графиги да бош эмес экенин белгилешти.
Индиянын Тышкы иштер министрлиги саммитке ШКУга кирген бардык өлкөлөр: Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан чакырылганын кошумчалады. Саммитке дагы үч өлкө – Иран, Беларусь жана Монголия байкоочу, Түркмөнстан төраганын коногу катары катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү

Бүгүн 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Балдарга камкордук жасоо демилгеси 1949-жылы Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген. Балдардын укугун коргоо боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун алдында ЮНИСЕФ балдар фонду да дүйнө жүзү боюнча балдарды коргоо жана кам көрүү боюнча ишмердүүлүк […]

Сизге жагышы мүмкүн