Мас айдоочулар азайды

Автор

Кыргызстан боюнча 8-марттан тарта бүгүнкү күнгө чейин мас болуп рулга отурган 423 айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде 800 мас айдоочу кармалган. Бул жылы андай жорук жасагандар 41%га азайганын байкоого болот.

Мурда мас айдоочулар 17 миң 500 сом гана айып төлөп кутулушса, жаңы шартка ылайык, бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

Ал эми жаза чарасы бүткөндөн кийин, экинчи ирет мас абалында кармалса, унаасын токтотуп коюу менен үч жылдык мөөнөткө айдоо укугунан ажыратылат.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШнын Сириядагы базасы ракеталык чабуулга кабылды

АКШнын Сириянын түндүк-чыгышындагы базасы бир күн мурда Иран колдогон топторду бутага алгандан кийин ракеталык чабуулга кабылды. Аль-Омар кенинин аймагында жайгашкан базаны аткылоодон жабыркагандар жок. Пентагон АКШ бейшембиге караган түнү Сириянын чыгышындагы Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна тиешелүү түзүмдөргө сокку урганын билдирген. АКШнын Коргоо министрлиги бейшембиде Сириянын түндүк-чыгышындагы Хасака аймагында эл […]

Сизге жагышы мүмкүн