Президент Түркияга барган куткаруучулардын ат көтөргүс эмгегин баалады

Автор

Бүгүн, 14-июнда  Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн куткаруучуларын сыйлоого арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Мамлекет башчысы иш-чарада сүйлөп жатып, ушул жылдын февраль айынын башында Түркияда катталган жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда көмөк көрсөткөн кыргыз куткаруучуларынын ат көтөргүс эмгегине токтолду.

“Бүгүн биз адамзаттын жашоо-турмушуна айттырбай келген алаамат-кырсыктын – жер титирөөнүн очогунда адам өмүрлөрүн ажалдан арачалап калган кайраты күч, эрки бекем куткаруучуларыбыздын каармандыгы менен эрдигине ыраазычылык билдирүүнүн убакыт-сааты чыгып, баарыбыз салтанаттуу иш-чарага чогулуп отурабыз”, – деди президет өз сөзүндө.

Ал Түркиянын бир катар аймактарында жер титирөөдөн улам кабат-кабат үйлөр кыйрап, миңдеген түркиялыктар бейажал каза таап, жалпы дүйнө жүзү табият кырсыгынан үрөйү учкандыгын эске салды.

“Эрки күчтүү түрк журтчулугу Жараткандын жазган мындай оор сыноосун дагы баштарынан кечиришти. Ошол алааматтуу зилзалада каза болгон бир боорлорубуздун жаткан жери жайлуу болсун. Кудайым түрк кардештерибизге сабыр берсин.

Бир тууган элдин башына түшкөн мындай оор мүшкүлдө жардамга кол сунгандардын сап башында Кыргыз мамлекети турду. Жер титиреген күнү дароо 67 куткаруучубуз Түркияга жөнөп, ага удаа 110 куткаруучубуз зилзаланын очогуна жетип, боордоштук бөтөнчө сезим менен жан аябай жардам берип келишти.

Алгач Манас атабыздын айкөлдүгүн алып жүргөн, көкжалдыгы жүрөгүндө жашаган, көкүрөгүндө намысы бекем орногон уулдарыбызга жалпы Кыргызстан элинин атынан ыраазычылык билдирип кетели”, – деп, зилзаланын кооптуу очогунда издөө-куткаруу иштерин чын дили менен жан үрөп аткарган куткаруучулардын ат көтөргүс эмгегин баса белгилеп, токтолуп кетейин деди.

 

“Куткаруу иштерине барган жигиттерибиз урандынын астында калган туугандарына жардам бере албай, айласы куруп кыйынчылыкка туш болгон түрк элине жөлөк-таяк болуп, жакындарын куткарып, адамгерчилик деген улуу сапаттын үлгүсүн көрсөтүштү.

 

Өзүңүздөр билгендей, биздин куткаруучулар 13 күндөн кийин, тагыраак айтканда, 296 саааттан кийин дээрлик тирүү адам жок деп изделбей турган урандылардын астынан толугу менен бир үй-бүлөнү таап, 3 адамдын өмүрүн сактап калышты.

 

15 күндө урандылардын алдынан жалпы 8 адамдын өмүрүн куткарып, 198 адамдын сөөгүн чыгарып туугандарына тапшырып беришти.

 

Дүйнө эли таң калган, түрк эли терең таазим кылган мындай окуялар эки элдин тарых барактарында жазылып кала турган эрдик болду.

 

Кыргыз жигиттеринин эрдиги менен эбегейсиз эмгеги жалпы журтубузга сыймык болсо, келечек муундарыбызга мыкты өрнөк болот!

 

Куткаруучуларыбыз бир адам болсо да аман алып калалы деп жан-алакетке түшүп жаткан маалда, Ата Мекенибиздин миңдеген эр-азамат уул-кыздары “Биз сени менен, Түркия!” деп кандай жардам керек болсо даяр турушту. Жалпы кыргызстандыктар жөн жата албай, колдон келген жардамдарын чогултуп, түрк боордошторго байма-бай жолдоп жатышты”, – деди президент.

 

Садыр Жапаров сөзүнүн аягында мындай адамзат башына келген оор сыноого кайдыгер карабаган жалпы кыргызстандыктарга терең ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Денис Петрашов Францияда алтын медаль утту

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Франция чемпионатында биринчи орунду ээледи. Петрашов  брасс түрү боюнча  100 метрге брасс стилинде 1:00:33тө сүзүп өттү. Турнир 11-16-июнь күндөрү Франциянын  Ренн шаарында өтүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн