Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салынган чечим узартылды

Автор

Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Жогорку Кеңештин алдында, Панфилов паркында жана Чүй проспектисинде, президенттик администрациянын алдында митинг, пикет өткөрүүгө тыюу салынган Биринчи май райондук сотунун чечими ушул жылдын 30-июнуна чейин узартылды. Ошондой эле Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүл бакта, Жогорку Соттун жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, УКМКнын жанында митинг өткөрүүгө болбойт.

Ал эми чогулуш, тынчтык акцияларды Рыскулов менен Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы скверде өткөрүү мыйзамдуу деп көрсөтүлгөн.

Бишкектин айрым жерлеринде нааразычылык акциясына тыюу салган чечим 2022-жылы чыккан.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдөгү эң көп маяна алган футбол машыктыруучуларынын рейтинги жарыяланды

Дүйнөдөгү эң көп маяна алган футбол машыктыруучуларынын рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Мадриддин «Атлетико» командасынын жетектеген  аргентиналык адис Диего Симеоне  дүйнөдөгү эң көп айлык алган футбол боюнча башкы машыктыруучулардын рейтингинин сап башына чыкты. Ал жылына 34 миллион евро маяна алат.   Эң көп […]

Сизге жагышы мүмкүн