Президент Садыр  Жапаров Венгрияга барат

Автор

Президент Садыр Жапаров 20-августта Венгриянын Будапешт шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу  КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (2023-жылдын 19-29-августунда өтөт) катышат.

«Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара карым-катнаштын келечегин талкуулашат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

ИИМде алты жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө иштери аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет. Ички иштер министрлигинде кечээ,  ИИМдин Коллегиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланган. Жыйынтыгында 18 жетекчи тартиптик жазага тартылды. Алардын ичинен […]

Сизге жагышы мүмкүн