Президент Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен келди

Автор

Президент Садыр Жапаров Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан Республикасы) иш сапары менен барды.

Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Алтай Кульгинов тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров «Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда» темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.

Форум Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин патронажы астында өтүп жатат, анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Лионель Месси "Интер Майами" клубуна өттү

Франциянын “Пари Сен-Жермен” футболдук клубунан кеткенин жарыялаган Лионель Месси америкалык “Интер Майами” командасына өтөт. Бул тууралуу Би-Би-Си билдирди. Маалыматка ылайык, Америкалык клуб менен келишимде “Adidas” жана “Apple” сыяктуу бренддер менен да келишимдер бар. Лионель Месси Европада дагы бир сезон калууну каалаган, бирок алгылыктуу сунуштар жетишсиз болгон. Жыйынтыгында ал «Интер Майами» […]

Сизге жагышы мүмкүн