Мирзиёев түрк өлкөлөрүн Палестинанын көз карандысыздыгын колдоого чакырды

Автор

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр эгемендүү Палестина мамлекетин түзүү зарылчылыгы боюнча принципиалдуу позициясын билдирүүсү керектигин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.
“Палестина элинин эгемендүү мамлекет түзүүгө укугу бар. Биздин уюмдун алкагында бул маселе боюнча бир добуштан принципиалдуу позициябызды бүткүл дүйнөгө жарыялообуз керек”,-деди Мирзиёев саммитте сүйлөп жатып.
Анын баамында, Палестина-Израиль чатагынын өтө кооптуу мүнөзү карапайым калктын, өзгөчө кары-картаңдардын, аялдардын жана балдардын арасында каза болгондордун жана жаракат алгандардын санынын кескин көбөйүшүнө алып келди жана чыр-чатактын кеңири жайылуу коркунучу күч алууда.
«Ушуга байланыштуу биз тараптарды тез арада согуштук аракеттерди токтотууга, ок атышууну токтотууга жана гуманитардык максатта жарашууга өтүүгө чакырабыз»,-деп белгиледи Өзбекстандын президенти.

 

Бөлүшүү:
Next Post

4-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 4-ноябрда өлкөдө жаан чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +0…+5, күндүз +15…+20, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16, Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн