Ысык-Көлдө 146 мыйзамсыз эс алуучу жайлар аныкталды

Автор

Мамкурулуш Ысык-Көл районунда 146 мыйзамсыз эс алуучу жайларды аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамкурулуштун ведомстволор аралык комиссиясы тиешелүү иштерди жүргүздү. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында бардыгы болуп 146 объект аныкталды, анда шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам бузуулар катталган.

Мамкурулуштун облустук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан 146-объект боюнча материалдар сот жана укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Каракол - Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү

Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун, 24-майда саат 03:30да аталган унаа жолдун 76-85-чакырым аралыгында жалпысынан 96 миң 651 куб метр кар көчкү жүрүп, анын 9 миң 679 куб метри жолго түшүп, жол жабылган. Тазалоо иштерине 2 бульдозер, 2 […]

Сизге жагышы мүмкүн