Алайбек Алымбаев ЖКнын Аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Автор

Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү тескемеге төрага Нурланбек Шакиев кол койду.

Алымбаев Алайбек Анаркулович 1980-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ош мамлекеттик университетин, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын (магистратура), 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын, 2014-жылы Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин бүтүргөн.

Мамлекеттик-жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолун 2001-жылы Ош облустук Балдардын чыгармачылык борборунда ийрим жетекчиси болуп баштаган.

2002-2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинин Басма сөз кызматынын жетекчиси, тарых мугалими, Жаштар комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын референти, 2006-2008-жылдары Жогорку Кенештин Аппаратынын Социалдык саясат комитетинин жана эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү боюнча комиссиясынын бөлүмүнүн улук консультанты, Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин бөлүмүнүн консультанты кызматтарын аркалаган.

2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басарынын жардамчысы, 2016-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын катчылыгында консультант, эксперт болуп иштеген.

2021-жылдын октябрынан декабрына чейин VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.

Ал эми 2022-жылдын ноябрынан бери Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ 180 медицина кызматкеринин Газага жиберди

Дүйшөмбү күнү 180 дарыгер жана медайым гуманитардык жардам ташыган 40 жүк ташуучу унаа менен Египеттен Газа тилкесине киргенин БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо бюросу билдирди. Бул медициналык кызматкерлер Газанын түштүгүндөгү Хан Юнисте 150 орундуу экинчи талаа ооруканасын түзүүнү көздөп жатканы такталды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн