Президент мамлекеттик сыйлыктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Жарлыкка кол койду

Автор

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө КР Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 125 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө” Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” Жарлыгынын 3-пункту.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кайра шайлоого 35 талапкер катталды

Баткен, Ош жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоого 35 талапкер катталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, анын ичинде №2 Баткен шайлоо округунан 10 талапкер, 14 талапкер №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан жана 11 талапкер №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан катталды. Бул аймактар […]

Сизге жагышы мүмкүн