Президент демократияны өнүктүрүүгө 690 миллион доллар убада кылды

Автор

АКШнын президенти Жо Байден анын өкмөтү демократияны өнүктүрүү жана дүйнөдө авторитаризмдин жайылышына каршы күрөшүү үчүн 690 миллион доллар сарптай турганын билдирди.
АКШ төрагалыгы астында өткөн демократиялык өлкөлөрдүн эл аралык саммитинде Байден бул акчаны коррупция менен күрөшүүгө, эркин шайлоолорду колдоого жана дүйнө жүзү боюнча демократиялык өкмөттөрдү башкаруу үчүн керектүү технологияларды өнүктүрүүгө жумшоону убада кылды.
Негизинен виртуалдуу өткөн саммитке 120 мамлекет катышат. Бул жылы АКШ менен бирге Коста-Рика, Нидерландия, Түштүк Корея жана Замбия лидерлик кылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто атырга ууланган окуучулардын абалы айтылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кумар Момбекова атындагы орто мектептин 6-классынын окуучулары атырдан ууланышы боюнча  Билим берүү жана илим министрлиги төмөнкүлөрдү маалымдайт. Сабакта 43 окуучу болгон. Окуя катталган күнү, 29-мартта бардык окуучудар дарыгердердин көмөзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучуну 24 саатка текшерүү үчүн ооруканага жаткырып туруу боюнча чечим чыгарылган. Калган окуучулардын ден соолугуна […]

Сизге жагышы мүмкүн