Ошто атырга ууланган окуучулардын абалы айтылды

Автор

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кумар Момбекова атындагы орто мектептин 6-классынын окуучулары атырдан ууланышы боюнча  Билим берүү жана илим министрлиги төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Сабакта 43 окуучу болгон. Окуя катталган күнү, 29-мартта бардык окуучудар дарыгердердин көмөзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучуну 24 саатка текшерүү үчүн ооруканага жаткырып туруу боюнча чечим чыгарылган. Калган окуучулардын ден соолугуна доо кетпегени үчүн үйлөрүнө коё берилген.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, текшерүүгө алынган 18 окуучунун абалы жакшы, учурда жергиликтүү дарыгерлер тарабынан бүгүн кайра үйлөрүнө чыгаруу боюнча консилиум өткөрүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Мелис Мырзакматов баш тартты

Бишкек шаарынын № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлер тандалып жатат. Өздүк булактарыбыз билдиргендей, айрым саясий күчтөр Мелис Мырзакматовду сүрөмөк болушканын, бирок, аталган саясатчы сылык-сыпаа баш тартканын билдиришти. Анын Эл аралык мамилелерде тажрыйбасы жана экономикалык багыттагы билими эске алынып, Жогорку Кеңешке салмактуу Эл өкүлүн жөнөтүү жагы каралганы […]

Сизге жагышы мүмкүн