1-июндан тарта россиялык унаалар үчүн чек ара жабылат

Автор

1-июндан тарта Польша Беларуссия жана Россияда катталган жүк ташуучу унаалардын аймагына кирүүсүнө тыюу салат.
Мындан тышкары дүйшөмбү күнү Варшава дагы 365 белорус жаранына санкция киргизди.
Буга чейин Мамлекеттик Дума орус өкмөтүнө Польшанын автотранспортчуларына Россиянын аймагынан өтүүсүнө тыюу салууну сунуштаган.
Ошондой эле депутаттар Россия Федерациясынын өкмөтүнө польшалык жүк ташуучу компаниялардын унааларына россиялык баа менен күйүүчү май куюуну токтотуп, алар үчүн күйүүчү майдын баасын Евробиримдиктин деңгээлинде коюу керектигин билдиришкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт

Бишкек шаарында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик турнир 2023-жылдын 1-июнунан 4-июнуна чейин борбор калаабызда “Бишкек Арена” спорт комплексинде өтүп, […]

Сизге жагышы мүмкүн