Мирзиёев Бишкекте Лукашенко менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор

Бишкекте өтүп жаткан КМШ саммитинин алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту.
Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.
Лидерлер өзбек-беларус көп кырдуу мамилелеринин динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти.  Өз ара соода жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрү өсүүдө, экономиканын түрдүү тармактарында кооперация долбоорлорун ишке ашыруу уланууда.  Маданият, кинематография жана спорт тармагында биргелешкен иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турары  айтылат маалыматта.
Мамлекет башчылары соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн, өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын, Региондор форумун жана Өзбекстан менен Беларустун алдыңкы университеттеринин ректорлорунун жолугушуусун уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү:
Next Post

Төө-Ашууда кар жаап жатат

Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, жол инспекторлору “Бишкек-Ош” унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга унааны кышкы дөңгөлөккө өтүүсүн, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сакташы зарыл экендигин жана карама каршы тилкеге жыкпай айдоону эскертет. Бишкек-Ош унаа жолунда аталган башкармалыктын […]

Сизге жагышы мүмкүн