Фукусима-1ден чыккан суу океанга төгүлө баштады

Автор

Япониянын адистери «Фукусима-1» атомдук электр станциясынан радиоактивдүү заттардан тазаланган суунун биринчи партиясын океанга төгө башташты.
Аймакта аба ырайы нормалдуу болгондуктан, бул иш баштапкы план боюнча жүргүзүлүүдө. Тазаланган суу жээктен 1 чакырым аралыкка курулган суу астындагы тоннел аркылуу чыгарылат. Агып чыгаруу нормасы суткасына 460 тоннага жетет. Белгиленгендей, ар бир тонна 1,2 миң тонна таза деңиз суусу менен алдын ала суюлтулган. Биринчи этапта 17 күн ичинде 7,8 миң тоннага жакын тазаланган сууну агызып берүү пландалууда.
Жалпысынан 2023-жылы (2024-жылдын 31-мартында аяктайт) атомдук электр станциясынан радиациядан тазаланган болжол менен 31,2 миң тонна суюктук агып чыгат.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Лионель Месси карьерасын  аяктоо тууралуу билдирүү жасады

Америкалык “Майами” клубунун жана Аргентиналык Улуттук футбол командасынын  чабуулчусу Лионель  Месси карьерасынын аяктоо боюнча суроого жооп берди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда. “Мен  чындыгын айтканда, дагы деле карьерамдын аякташы жөнүндө ойлонбойм. Мен ойногонду жакшы көрөм, талаада таймашып, машыгуунун жактырам. Мен муну мүмкүн болушунча узартууга аракет кылам. Ойлонуп, анализдөө […]

Сизге жагышы мүмкүн