Президент уктап, ыңгайсыз абалда болду

Автор

АКШнын президенти Жо Байден уктап калып дагы бир жолу эл алдында  ыңгайсыз абалга туш болду.

Окуя Гавайинин Мауи аралында өрттөн жабыркагандар менен жолугушууда болду.  Байдендин уктап жатканын видеокамера тартып алган. Кадрларда америкалык лидер спикерлердин бири сүйлөп жатканда уктап, капысынан ойгонуп кеткенин көрүүгө болот.

Буга чейин Байден 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Гавайидеги эң катуу өрт учурунда жээктеги эс алуусу үчүн сынга алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Жети-Өгүздө 100 балага ылайыктуу бала бакча ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы — Акылбек Жапаровдун катышуусунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, заманбап бардык шарттары менен салынган бала бакча 2 кабаттан турат жана ал 100 балага ылайыкташкан. Ошондой эле мында жергиликтүү 19 адам жумуш менен камсыз […]

Сизге жагышы мүмкүн