Пигменттик тактар эмнеден улам пайда болот?

Автор

Адамды ыңгайсыздыкка салган пигменттик тактар эмнеден улам пайда болот? Баардыгын кызыктырган бул соболго адистер жооп берди:

Күнгө күйүү:  Жайында көп күн алдына жатып күйгөндө меланоцит клеткалары кээ бир жерде адаттан көп меланин бөлүп чыгарат.

Теринин жаракат алуусу:  Тытылып, күйүк жана башкалар. Организм жаракат болгон жерди күндүн нурларынан меланиндин жардамы менен активдүү коргойт, андан улам ал жер карарып баштайт.

Гормондор:  Кош бойлуулук, баланы болтурбоочу дары-дарымектерди кабыл алуу, эндокриндик оорулар гормоналдык тең салмактуулукту бузуп, кээде пигметтик тактарды пайда кылат.

Жаш курак:  Жаш улгайган сайын тери жукарат, меланин клеткалары теринин өйдөнкү катмарында болуп калат да, көзгө көрүнө баштайт.

 Дары ичүү:  Тетрациклин турүнө кирген антибиотиктер, ретиноид жана химиятеропия препараттары да пайда кылат.  Органдардын оорусу:  Боор, өт жана башка ашказан ооруларынан улам тактар чыгышы мүмкүн.

Эскертүү! Пигменттик тактарды эмнеден улам чыгып жатканын аныктабастан дарылабаңыз!

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттик шайлоо: Талапкерлерди каттоо 6-июнда аяктайт

Өзбекстандын БШКсы быйыл 9-июлга белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо 6-июнда аяктарын билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Бахром Кучкаров билдиргендей, партиялар 13-майга чейин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого арыз берип, 15-майга чейин шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырышы керек. Партиялар тарабынан талапкерлерди көрсөтүү 17-майдан 1-июнга чейин белгиленген. Талапкерди каттоо […]

Сизге жагышы мүмкүн