Киевде «Родина-мать» монументин бузуу иштери башталды

Автор

Украинанын бийликтери Киевдеги «Родина-мать» монументинин калканындагы советтик гербди демонтаждоону баштады. Бардык жумуштарды 24-август, Украинанын Эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүрүү пландалганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Социалдык тармактарда адистердин ишин чагылдырган видеолор тарады. Калкандын өзүнөн жана айкелдин пайдубалынан бир нече зымдар тартылган. Кыязы,  советтик символдордун элементтери түшүрүлөт.

Монтаждоо иштери 92 метр бийиктикте жүргүзүлүшү керек . Бул үчүн жагымдуу аба ырайынын шарттары абдан маанилүү. Монумент өтө чоң болгондуктан, демонтаждоо бир нече этап менен ишке ашат. Иш мамлекеттик бюджеттен эмес, меценаттардын эсебинен жүргүзүлүп жатканы айтылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Вагнерчилер Польшага жакындаганы айтылды

Россиядан Белоруссияга келген Вагнердин 100дөн ашык жалданма жоокерлери Польша менен чек арага келишти. Бул тууралуу ишембиде премьер-министр Матеуш Моравецки билдирди. Моравецкинин айтымында, вагнерчилер Сувалки коридоруна, Польша-Литва чек арасынын 100 километр узундуктагы стратегиялык маанилүү участогуна жакындашкан. Польшанын премьер-министри бул өлкө аймагына гибриддик чабуулга жасалган кадам экени, жалданма аскерлер белорус чек арачыларына […]

Сизге жагышы мүмкүн