Байден жана анын жубайы 2023-жылы 620 миң доллар тапкан

Автор

АКШнын президенти Жо Байден жана анын жубайы Жилл Байден 2023-жылы 620 миң доллар тапканын Ак сарай салык декларациясына таянып билдирди. Бул суммадан жубайлар 23,7 пайыздык чен менен 146,6 миң доллар өлчөмүндө федералдык киреше салыгын төлөшкөн.
Жо Байден жана анын жубайы алардын үйү жайгашкан Делавэр штатында 30,9 миң долларга жакын салык төлөшкөн. Жилл Байден Вирджиния штатында да 3500 доллар салык берген.
Өткөн жылы Байдендер 17 түрдүү кайрымдуулук уюмуна 20 миң доллар бөлүшкөн. Анын 5 миң доллары алардын каза болгон уулунун ысымы ыйгарылган Бо Байден фондуна кетет.
2022-жылы бул үй бүлөнүн жылдык кирешеси 579,5 миң долларды түзгөн. Bloomberg белгилегендей, 2023-жылы кирешенин өсүшү Түндүк Вирджиния коомдук колледжинин профессору Жилл Байдендин айлык акысынын жогорулашына байланыштуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия чемпионаты -2024: Шаршенбеков менен Бейшекеев финалга чыгышты

Азия чемпионаты-2024: Шаршенбеков менен Бейшекеев финалга чыгышты Бүгүн, 16-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча балбандар Жоламан Шаршенбеков (60кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) финалга чыгышты. Учурдагы Азия чемпиону кыргызстандык балбан 1/8 финалдык баскычтан баштап, Индонезия, Өзбекстан, Ирандын спортчуларын үч жолу мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты. Ал эми […]

Сизге жагышы мүмкүн