Парламентте токой чарбасын сактап калуу айтылды

Автор

Токой чарбасы өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилгени парламентте сынга кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айтып чыкты.
Эл өкүлү президентке кайрылып, токой чарбасын өзүнчө агенттик кылып берүүнү суранды. Ал “токойдун өзгөчө кырдаалга эмне тийешеси бар. Өлкөбүздө уникалдуу токойлор бар. Ошолорду сактап калалы, урматтуу төрага, сиз да жардам бериңиз”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Эрдоган: Нетаньяху менен Гитлердин ортосунда айырма жок

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Адольф Гитлердин ортосунда эч кандай айырма жок экенин айтты. Ал Израил аскерлеринин Газа тилкесиндеги аракеттерине комментарий берип «Сиз менен Гитлердин ортосунда кандай айырма бар? Нетаньяхунун кылганы Гитлердин кылганынан кемби? Жок»,-деген Эрдогандын сөзүн Анадолу агенттиги жазды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн