Парламентинин жаңы курамынын биринчи сессиясы 29-мартка белгиленди

Автор

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясын 29-мартта өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын кезексиз шайлоонун акыркы жыйынтыгын чыгарып, партиялар арасында мандаттарды бөлүштүрдү. Башкаруучу «Аманат» партиясы 40, «Ауыл» партиясы 8, «Ак жол» партиясы 6 мандатка ээ болду.
Мыйзамга ылайык, партиялар 10 күн ичинде өздөрүнүн партиялык тизмеси боюнча депутаттарды биротоло аныкташат.

Бөлүшүү:
Next Post

"Велосезон-2023": Бишкекте  велосезондун ачылышы болот

Бишкекте жекшемби, 2-апрелде борбор калаанын 145 жылдыгына карата “Велосезон-2023” ачылышы болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, веложүрүш “Ала-Тоо” аянтынан башталып Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” сейил багына чейин уланат. “Жүрүш саат 09:00дө башталып,10:30да аяктоо пландалууда”, – деп айтылат маалыматта. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн