Акжол Махмудов Азия оюндарында алтын утту

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Азия оюндарында алтын медаль утту.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны ирандык спортчу Амин Кавиянинежад менен кез келип, акыркы аракети менен 1:1 эсебинде жеңип кетти.

Акжол Махмудов алгачкы атаандашы камбоджиялык Софака Кени 33 секунданын ичинде далысын жерге басып, 4:0 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда кыргыз балбаны казакстандык спортчу Азат Сыдыков менен беттешип, бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен 9:0 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Бөлүшүү:
Next Post

Химия боюнча Нобель сыйлыгы ээлерин тапты

4-октябрда 2023-жылдагы химия боюнча Нобель сыйлыгы кванттык чекиттерди ачуу жана синтездөө боюнча жасаган иштери үчүн Мунги Габриэль Бавенди, Луи Э.Брус жана Алексей И.Екимовго ыйгарылды. Кванттык чекиттер LED жарык лампаларын иштеп чыкканга, QLED технологиясы менен компьютер жана телевизор экрандарын жарыктандырууда, биохимия менен медицинада биологиялык кыртыштарды картага түшүрүүдө колдонулганы белгиленди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн