Бүгүн Египеттеги мелдеште Айсулуу, Айпери жана Мээрим килемге чыгат

Автор

Бүгүн, 24-февралда кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова Египетте өтүп жаткан “Ibrahim Moustafa” эл аралык мелдешинде күчүн сынайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында франциялык Амелин Дуар менен күрөшөт. Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта болгариялык Юлиана Яневага каршы, Айпери Медет кызы 76 кг салмакта германиялык Франци Рейделт менен кармашат.
Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.
Эскерте кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов жана Раззак Бейшекеев коло медаль утту.

Бөлүшүү:
Next Post

Каныбек Иманалиев билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Каныбек Иманалиев билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Иманалиев Каныбек Капашович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги КР билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку […]

Сизге жагышы мүмкүн