Кыргызстандын футбол боюнча командасынын башкы машыктыруучусу шайланды

Автор

Бүгүн, 24-апрелде Кыргызстандын  футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматына Штефан Таркович  шайланды. Бул тууралуу чечим  Кыргыз футболдук союзунун (КФС) аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Жыйында КФС техникалык директору А.Ормомбеков талапкерлерди издөө боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Ошентип, 30 талапкер каралып, анын ичинен курама команданын башкы машыктыруучусу кызматына эң ылайыктуу 5 талапкер тандалды.

Жыйынтыгында КФС Аткаруу комитетинин чечими менен Словакиядан келген адис Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп бекитилди.

Улуттук кураманын 50 жаштагы жаңы машыктыруучусунун УЕФА Pro машыктыруучулук лицензиясы жана Кыргызстандын курама командасын жетектөө үчүн жетиштүү тажрыйбасы бар.

Словакия курама командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы катары Штефан Таркович төмөнкүдөй жетишкендиктерге ээ:

“Bangkok Cup” Кубогундагы жеңиш/2018-жылдын март айы;

ЕВРО 2016/2016-жылдын июль айы плей-оффко чыгуу;

Словакия курама командасынын ФИФА рейтингиндеги эң жогорку орду (14-орун) / 2015-жылдын августу.

Словакия курама командасынын башкы машыктыруучусу катары:

ЕВРО-2020га чыгуу / 2020-жылдын ноябрь айы.

УЕФАнын аналитиги болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

25-апрелге карата аба ырайы

Эртең, 25-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22;   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;   Баткен, Ош, […]

Сизге жагышы мүмкүн