Париж -2024: Күрөш боюнча лицензиялык турнир Бишкекте өтөт

Автор

Бишкек шаарында күрөш боюнча лицензиялык континенталдык турнирлердин бири өтүп, анын жеңүүчүлөрү 2024-жылы Парижде болчу жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алышат. Бул туурасында Бириккен күрөш дүйнөсүнөн билдиришти.

Жайкы Олимпиада оюндарына тандалуучу турнирлер:

Азия — Бишкек (Кыргызстан);

Европа — Баку (Азербайжан);

Панамерикалык турнир — Акапулько (Мексика);

Африка жана Океания — Каир (Египет).

Ар бир турнирде 36дан квота ойнотулат. Мындан сырткары, дагы 54 лицензия Стамбулдагы дүйнөлүк турнирде өзүнүн ээсин табат.

Белгилей кетсек, Париж Олимпиадасына алгачкы жолдомолор сентябрда Белград калаасында өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ойнотулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте мыйзамсыз курулган имараттар бузулууда

Бишкек мэриясы шаарды иретке келтирүү иш – чарасын улантып жатат.  Бүгүн, 29-июнда Чыгыш-5  кичирайондагы  Чүй көчөсүндө өзүм билемдик менен тротуарга чыгып кеткен жайлар бузулууда. Мэриянын мындай аракетине шаардык тургундар ыраазычылыгын билдирип жатышат.     Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн