Париж-2024: Жайкы олимпиадага канча билет сатылды?

Автор

2024-жылы Парижде өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына 3,5 миллион билет сатылды. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин (МОК) аткаруучу директору Кристоф Дуби билдирди.

“Париж Олимпиадасынын уюштуруу комитетинен эң сонун отчет алдык. Бул бизге  чоң ишенимди жаратат. Учурда мелдештерге 3,5 миллион билет сатылган, бул оң көрсөткүчтөн да көп”, – деди Дуби.

“Олимпиада шаарчасы жана Медиа айылы дээрлик даяр деп ишендиришти. Ошондой эле уюштуруу комитети пиктограммаларды тартуулады, бул чындыгында абдан сонун”, – деп кошумчалады Эл аралык Олимпиада комитетинин  аткаруучу директору.

Эске салсак, Париж Олимпиадасы 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин өткөрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Премьер-министрлик кызматын сактап калды

Учурдагы өкмөт башчы Алихан Смаилов Казакстан Республикасынын премьер-министрлик кызматына кайрадан шайланды. Президенти Касым-Жомарт Токаев ачкан парламенттин пленардык жыйынында Алихан Смаиловду премьер-министрликке шайлоо боюнча добуш берүү болду. Добуш берүүгө 98 депутаттын 97си катышып, жыйынтыгында Смаиловдун талапкерлигине 82 депутат “макул”, 7 депутат “каршы”, 8 депутат калыс добуш берди. Ошентип Алихан Смаилов премьер-министрликке […]

Сизге жагышы мүмкүн