Париж – 2024: Акжол Махмудовдун Олимпиадагы атаандаштары белгилүү болду

Автор

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында дагы эки атаандашы белгилүү болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында жазылууда.
Азыркы тапта Мексикада күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо берген Пан-Америка квалификациялык мелдеши өтүүдө. Учурда 77 кг салмакка чейинки категорияда олимпиадага жолдомону венесуэлалык жана кубалык балбандар алышты. Жалпысынан бул салмак боюнча Парижде 16 спортчу күч сынашат.
Мындан тышкары Акжол Махмудовдо, Азербайжандык Санан Сулейманов, Армениядан Малхаз Амоян, Жапониялык Нао Кусака, Өзбекстандан Арам Варданян, кубалык Пена Флорес Йосванис жана колумбиялык Куэро Муноз Алексисде олимпиадага жолдомо бар.
Эске салсак, быйыл 24-июлдан 11-августка чейин Франциянын борбору Парижде Олимпиада оюндары өтөт. Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиадага 5 жолдомо бар: грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг) жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов лицензия алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жаңы Жылуулук электр борборун куруу пландалууда

Бишкекте дагы бир Жылуулук электр борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул долбоорду иштеп чыгуу 2023-жылы башталган, учурда долбоор кол коюу алдында турат. “Аталган жылуулук борбору Бишкекте көп жылдан бери иштебей турган “Айыл чарба машина куруу заводу” деген отказандын ордуна […]

Сизге жагышы мүмкүн