Футзалчылар үчүн жайгы лагерь жыйынтыкталды

Автор

Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук жана жаштар курама командаларынын оюнчулары үчүн жайкы лагердин иши аяктады. Бул тууралуу  Футзал ассоциациясы  билдирди.

Маалыматка ылайык, бул лагердин өзгөчөлүгү – оюн позициялары боюнча оюнчулар менен жекече иштөө болгон, бардык машыгуулар оюнчулардын жеке чеберчилигин жогорулатууга багытталган.

Лагердин жетекчиси жана футзалды өнүктүрүү боюнча КФСтин техникалык директору Амиржан Муканов лагерь тууралуу: «Жайкы лагердеги машыгуулар абдан жакшы өттү деп ойлойм. Оюнчулар менен машыктыруучулардын ортосунда пайдалуу жана чыгармачыл процесс болду. Машыгуулардын жүрүшүндө тууралоолорду киргиздик , көптөгөн жаш оюнчулар өз позицияларында кээ бир элементтерди аткарууну үйрөнүштү.

 

Албетте, биринчи машыгууга салыштырмалуу, балдардын чеберчилиги жакшыргандыгы байкалды. Азыр биз жана оюнчулар эмненин үстүндө иштөө керек экендигин жакшы билебиз».

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнтөн тарта мээ кайнаткан ысык башталды

Бүгүн, 11-июлдан тартып өлкөдө күн катуу ысып башталды. Бул тууралуу синоптиктер билдиришти. 12-13-июль күндөрү абанын температурасы +39, +40 градуска чейин көтөрүлөт. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36…+41, Таласта +34…+39 градуска чейин жетет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн