Азия чемпионатында Кыргызстан төртүнчү орунду ээледи

Wp Pw
0 0
Read Time:49 Second

Азия чемпионатында Кыргызстан курамасы жалпы командалык эсепте төртүнчү орун алды.

 

1-орун. Казакстан — 7 алтын, 4 күмүш, 9 коло медаль;

 

2-орун. Япония — 6 алтын, 4 күмүш, 10 коло медаль;

 

3-орун. Иран — 6 алтын, 3 күмүш, 4 коло медаль;

 

4-орун. Кыргызстан — 5 алтын, 3 күмүш, 6 коло медаль.

 

Азия биринчилиги бул жылы 9-апрелден 14-апрелге чейин Казакстандын Астана шаарында өттү. Ага Кыргызстандан күрөштүн үч түрү боюнча 28 балбан катышты.

 

Грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жусупбеков (97 кг) күмүш, Раззак Бейшекеев (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Роман Ким (130 кг) коло медаль алышты.

 

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш, Калмира Билимбек кызы (59 кг) коло медаль тагынды.

 

Эркин күрөш боюнча Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын, Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш, Улукбек Жолдошбеков (65 кг), Орозобек Токтомамбетов (70 кг) коло медалды ээлешти.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Бүгүнкү Кадыр түндү кантип тосуу керек?

Кадыр түн бир жылда бир келерин эске алуу зарыл. Андыктан,ушул учурду колубуздан чыгарбай, мүмкүн болушунча Аллахка чын ыкласыбыздан кайрылып алуубуз керек. Барынан жакшысы – Куран окуп, дуба кылуу. Экинчиден, Кадыр түндү сыналгынын же столдун жанында эмес, Жаратканга сыйынуу менен тосуу керек. Мүмкүнчүлүк болсо, таравих намаздан кийин мечитте өткөргөн жакшы. Эскерте […]