Ош облусунда жер титирөө катталды

Автор

Ош облусунун аймагында 16-апрелде саат 19:29да очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда Нура айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырым, Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышка карай 22 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 125 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөө Нура, Икизак, Көк-Суу айылдарында 3 баллга чейин, Кара-Киндик жана Иркештам айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалпысынан 198 үй түрттүрүлөт

Ататүрк паркынын А. Малдыбаев тарабындагы аймагы мурдагы бийликтердин тушунда мыйзамсыз берилип кеткен. Ошондон бери талаш – тартыштардын очогуна айланып келет. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин маалыматында, 1992-жылдагы токтомдун негизине таянып, 198 үй түрттүрүлүп, бошогон жерлер мамлекеттин карамагына өткөрүлөт жана мурдагы 124 токтом жокко чыгат. “Учурда үйдүн ээлерине билдирүүлөр жөнөтүлүп жатат. […]

Сизге жагышы мүмкүн