Ошто 1,4 гектар аянтка логистикалык борбор курулат

Автор

Ош облусунун Кара-Суу районунда 1,4 гектар аянтка логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Министрлер кабинетинин чечими менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жерлер «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай багытындагы жерлер» категориясына которулду.

Логистикалык борбордун курулушу регионго башка инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берип, жаңы ишканалардын ачылышына, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана жергиликтүү бизнестин өнүгүшүнө чоң пайда алып келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 29-июнга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.2 сом  болсо, сатуу  87.7 сом  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 31 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн